Вице-премьер-министр ЭКККМК жеке курамын финансы полициясынын күнү менен куттуктады

Автор -

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын финансы полиция кызматкерлеринин күнүн белгилөөгө байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты.

Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан куттуктоо сөз айтты. Ал өз сөзүндө белгилегендей, өлкө экономикасынын өнүгүүсүндө финансы полициясы органдарынын ролу зор.

«Финансы полициясы – экономикалык коопсуздукту жана бизнести коргоо боюнча кенен ыйгарым укуктары бар орган. 26 жыл Финансы полициясы үчүн, укук коргоо органы катары олуттуу өзгөрүүлөрдүн жана калыптануунун мезгили болду жана бүгүнкү күнү өлкөнүн экономикалык коопсуздугун коргоодо таасирдүү күч болуп саналат», – деп баса белгиледи вице-премьер-министр.

Замирбек Аскаров өзгөчө белгилегендей, бүгүнкү күнү жалган ишкердикке, рейдерликке, кылмыш жолу менен табылган акча каражаттардын изин жашырууга, мамлекеттик бюджетке миллиондогон акча каражатын зыян келтирген уюшкан кылмыштуулукка каршы активдүү күрөш жүрүүдө.

Буга байланыштуу ал баса белгилегендей, жарандардын өз ара кызматташуусунун, бизнестин, коомдун жана мамлекеттик бийликтин ишенимдүү шарттарын түзүү маанилүү болуп саналат. Вице-премьер-министр кошумчалагандай, Өкмөт өз тарабынан материалдык-техникалык базасын жана кызматкерлерге дем берүүнү жакшыртууга бардык күчүн жумшап жатат.

Ал ошондой эле ырастагандай, ЭКККМК кызматкерлери жаңы кодекстердин ийгиликтүү иштөөсү үчүн керектүү бардык шарттарды түзүүгө жана аларды келечектүү өнүктүрүү жана өркүндөтүүгө тийиш.

«Өлкөнүн жетекчилиги Финансы полициясынын кызматкерлери өз милдеттерин жоопкерчилик жана ак ниет менен, кызматтын аброюна шек келтирбей иштеп берет деп ишенет. Сиздердин кесиптик майрамыңыздарда оор жумушуңарга ийгиликтерди, бекем ден соолук, бакыт, сиздерге жана жакындарыңыздарга бакубатчылык каалайм», – деп жыйынтыктады Замирбек Аскаров.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ЭКККМК ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине өкмөттүк сыйлыктар тапшырылды.

Бөлүшүү