Өкмөт Чыңгыз Айтматовдун музейин оңдоого каражаттын жоктугун билдирди

Автор -
206

Өкмөт залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй музейин оңдоого каражат жок экенин билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Твиттердеги баракчасына жарыялады.

Эл өкүлү буга чейин парламент жыйынында өкмөткө кайрылып, Айтматовдун өлкө үчүн жасаган эмгектерин эске алып, музейди оңдоого мамлекеттен каражат бөлүүнү сунуштаган.

Өкмөттүн депутатка берген жообунда Айтматовдун музейи Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына кирбегендиктен, мамлекеттин эсебинен каржыланбай турганы айтылат.

«Музейди министрликтин балансына өткөрүү жана анын ишин жүргүзүү кошумча каражатты кыйла өлчөмдө талап кылат. Мунун негизинде жана финансынын өтө чектелгенине байланыштуу Ч.Айтматовдун музейин оңдоого кошумча каражат бөлүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин билдиребиз. Маселенин маанилүүлүгүн эске алып, музейди демөөрчүлүк жана донордук каражаттын эсебинен чечүүнү сунуштайбыз»,
-деп айтылат жоопто.

Депутат Дастан Бекешев Айтматовдун музейине чет мамлекеттердин жогорку кызматтагы адамдары, өлкө жетекчилери келип жатканын, быйыл Айтматовдун үй музейине Орусия президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев келгенин белгилеп, музей оңдоолууга муктаж деп айткан.

Бөлүшүү