Казакстандын жаӊы премьер-министри дайындалды

Автор -

Аскар Мамин Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды.  Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Аскар Маминдин талапкерлигин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сунуштаган.

Аскар Мамин 21-февралда отставкага кетирилген Бакытжан Сагинтаевдин өкмөтүндө премьер-министрдин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

53 жаштагы Мамин ага чейин «Казакстан Темир жолу» улуттук компаниясынын жетекчиси, Астана шаарынын акими, транспор жана байланыш министри кызматтарын аркалаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү