Быйыл ажылык сапарга баруу үчүн 7 минден ашуун адам каттоодон өттү

Автор -

Быйыл ажылыкка баруу үчүн каттоого алынган жарандардын жалпы саны 7391 адамга жетти. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каттоого алынгандарды басымдуу бөлүгү Ош областынан болуп, 2 522 адамды түздү. Ал эми Нары облусунан 59 киши ажылыкка аттанган.

«Жалал-Абаддан 1603, Чүй областынан 1032, Баткен 698, Таластан 80, Ысык-Көлдөн 86, Ош шаарынан 741, ал эми Бишкек шаарынан 570 жаран ажылыкка барууга ниеттенген»,-деп айтылат маалыматта.