Зергер жана Кара-Таш айылдарында ичүүчү суу менен камсыздоо жандандырылды

Автор -
Сүрөт: Saat.kg

Кум-Бел көмүр кениндеги «Цзинь Лун»  тоо кен ишканасынын зыяндуу калдыктарынын кошулуусунун кесепетинен суусуз калган Ош облусунун калктуу жерлерин ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү.

Буга чейин маалымдалгандай, бул компаниянын иши токтотулуп, ичүүчү сууну жашоочуларга суу ташуучу унаа менен жеткирип жатышкан.

Кырдаалды изилдөө боюнча атайын түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия ишин жыйынтыктап жатат, анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча Техникалык жана экологиялык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен «Цзинь Лун» ЖЧКга калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча эскертүү берилген.

Натыйжада, бүгүнкү күнү «Цзинь Лун» ЖЧК Өзгөн районуна караштуу Зергер жана Кара-Таш айылдарында ичүүчү суу киргизди. Жалпысынан 15 суу түтүгү орнотулуп, жалпы узундугу 8 миң метр суу түтүгү тартылды.

Бөлүшүү