Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27 февралда, мамлекеттик администрациялардын башчыларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын жана ишкерлерди ак ниет эмгеги жана өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушун өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен сыйлады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен төмөнкүлөр сыйланды:
Абдыкулов Улан
Аманбайевич |
– | Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылдык кеңешинин төрагасы; |
Абдырахманов Уланбек Кадыркулович | – | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин төрагасы; |
Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович | – | Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими; |
Болбур уулу Алтынбек | – | Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы; |
Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбекович | – | Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы; |
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович | – | Чүй облусунун Кемин районундагы «Сабирдин» дыйкан чарбасынын жетекчиси; |
Курманалиев Дамирбек Сагынбекович | – | Талас облусунун Талас шаарынын биринчи вице-мэри; |
Матажиев Гулам Кудайбердиевич | – | Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылдык кеңешинин төрагасы; |
Төрөкулов Чолпонкул Асылбекович | – | Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими; |
Таалайбек уулу Хамзат | – | Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну, ишкер; |
Солтонов Алкан Шайлообекович | – | Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы; |
Сенирбаев Алтынбек Жыргалбаевич | – | Нарын облусунун Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнүн башчысы; |
Усеналиев Талантбек Асангариевич | – | Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы; |
Эгембердиев Саатбек Искендерович | – | Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы. |