Жээнбеков: Региондорду ырааттуу өнүгүүсүн координациялоо үчүн бир мамлекеттик органды аныктоо зарыл

Автор -

«Региондорду өнүктүрүүнүн чаржайыттыгын токтотуп, ырааттуу өнүгүүсүн координациялоо үчүн бир мамлекеттик органды аныктоо зарыл», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференцияда.

«Жергиликтүү бийликтин ишин тескей турган жүздөн ашык нормативдик акт бар, бирок практика жүзүндө, жергиликтүү жетекчилер бул нормативдик актыларды толук билбейт жана пайдаланбайт», — деп Президент эске салды.

«Аймактарды өнүктүрүү маселеси боюнча бир мамлекеттик органды аныктоо керек. Мыйзам базасын жакшыртуу багытында да иш алып баруу зарыл. Бул оңой иш эмес, буга дагы биздин донорлордун жардамы керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча кодексти иштеп чыгууга мезгил келди», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү