Президент: Аймактарды өнүктүрүүдөгү негизги приоритет — санариптештирүү саясатын жайылтуу

Автор -

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, калк арасына санариптештирүү саясатын жайылтуу иши — силердин түздөн-түз милдетиңер», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай  Жээнбеков  кечээ, 27-февралда, Бишкекте өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» республикалык конференциясында.

Мамлекет башчысы региондорду өнүктүрүүдө заманбап IT-технологияларды колдонуунун  артыкчылыктарына токтолду.  Ал белгилегендей, «Түндүк» электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөт. Кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат, пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктардан арылтат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат.

Президент аймактарды санариптештирүүдө өлкө аймактарындагы  мектептерди интернетке туташтыруунун мааниси чоң экендигин билдирди.
«Учурда өлкөдөгү мектептердин 86 пайызы же 1857 мектеп интернетке кошулган. Калган 245 мектепти интернетке кошуу ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле ал санариптештирүү жылынын алкагында калктын кеңири катмарында, өзгөчө айыл жерлеринде, жаңы технологияларды колдонуунун артыкчылыктарын түшүндүрүү үчүн кеңири масштабдуу иштерди жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи

Бөлүшүү