Башына ок тийип каза болгон жигит тапанчаны уурдап алган. Окуянын чоо-жайы

Автор -
231

Кой-таш айылында эркек адамдын сөөгү табылган факты боюнча окуянын чоо-жайы териштирилип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-февраль күнү болжол менен саат 09:00 чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө Кой-Таш айылынын түштүк-чыгыш тарабында “Мазда-6” үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен болжол менен 20-25 жаштардагы азият улутундагы белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

«Маркум Казакстан Республикасынын жараны, Бишкек шаарында жашаган 1994-жылы Жалал-Абад облусунда туулган Атанух Шерматов экендиги белгилүү болуп чыкты»,-деп билдирет маалымат кызматы.

Автоунаага кароо жүргүзүү учурунда ичинен маркумга таандык “Айфон-6” үлгүсүндөгү уюлдук телефон, документтер, андан сырткары 0,25 граммдык арактын бөтөлкөсү, салат, “Парламент” чылымы табылган.

Ал эми маркумга кароо жүргүзүү учурунда башынын сол жагында ок атуучу куралдан алган жаракаты жана колунда ПМ 9-мм тутумундагы тапанча бар экендиги аныкталган. Ошондой эле автоунаанын ичинен ПМ 9-мм тутумундагы ок менен гильза табылган.

Териштирүү жүргүзүү учурунда, маркумдун сөөгү табылган автоунааны эртең менен саат тогуздар чамасында курулушчулар табышканы аныкталды.

Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаанын кимге таандык экендиги такталып, ал 1993-жылы туулган Э.Т. аттуу жаранга катталганы белгилүү болуп, бирок ал “Мазда-6” үлгүсүндөгү автоунаа туугандары өздөрүнүн тааныштарынын суранычы менен 2017-жылы өзүнө каттагандыгын билдирген.

Болжолдуу маалымат боюнча автоунаанын чыныгы ээси шаардык ЖОЖдун биринин 4-курсунун студенти А. Шерматов болот.

25-февраль күнү Кой-Таш айылынын жанында автоунаанын ичинен ок атуучу куралдан алган жаракаты менен ушул студенттин сөөгү табылган. Кийинки жүргүзүлгөн ыкчам-изилдөө иш-чараларынын жүрүшүндө акыркы күндөрү кимдер менен байланышкандыгы текшериле башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралары учурунда маркумдун достору суралып, жогоруда аталган тапанча А.Шерматовго таандык экендигин тастыкташкан. Анткени, 2 ай мурда досторун Бишкек шаарында жайгашкан батирине алып барып көрсөткөнүн билдиришкен. Андан сырткары кээ бирөөлөр А.Шерматовдун  көңүлү жок жүргөндүгүн маалымдашкан. Окуя болоор күнү кечинде А. Шерматов болжол менен саат 23:45 чамасында өзүнүн автоунаасы менен соода түйүндөрүнүн бирине барып, 0,25 литрлик арак, “Ред Булл” энергетикалык ичимдигин, сыра, чылым жана салат сатып алгандыгы аныкталган. Андан сырткары, териштирүү учурунда маркумдун жанынан табылган “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча 2005-жылы Жалал-Абад ШИИБдин нөөмөт бөлүгүнөн массалык тартипсиздик учурунда уурдалганы аныкталды.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Аламүдүн РИИБи тарабынан сотко чейинки иликтөөлөр башталган.