Кой-Таш айылынан башына ок тийип каза болгон жаш жигиттин сөөгү табылды

Автор -

Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылынан башына ок тийип каза болгон жаш жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 25-февраль күнү саат 09:00 чамаларында айдоо талаада токтоп турган унаанын ичинде 25 жаштагы Ш.А. аттуу жигиттин сөөгү табылат. Оперативдүү-тергөө тобу айтылган дарекке барып, ал адам октон алган жаракатынан улам каза болгонун аныкташкан.

«Бул окуя кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, тиешелүү экспертизалар дайындалды»,-деп билдирди аталган мекемеден.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү