Төрага бир катар жетекчилерге Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды (тизме)

Автор -

Бүгүн 1-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бир катар мамлекеттик, социалдык мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, сыйлык ээлерине экономика, маданият, саламаттыкты сактоо тармактарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Сиздер өз тармактарыңыздар боюнча зор ийгиликтерге жетишип, мамлекеттин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп келесиздер. Сиздердин иш тажрыйбаңыздар жана кылган эмгегиңиздер жогору баага татыктуу. Биз биргелешкен аракет менен гана жакшы жыйынтыктарга жетише алабыз. Анткени баарыбыздын көздөгөн максатыбыз өлкөбүздү өнүктүрүү. Өз кезегинде Жогорку Кеңеш да экономика, ишкерчилик, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармактарын өнүктүрүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга багытталган мыйзамдарды кабыл алууда”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Белгилей кетсек, сыйлагандардын катарында Жылдыз Абдубалиева, Алмаз Бейшембаев, Алымкадыр Бейшеналиев, Эльнура Боронбаева, Айгуль Исабаева, Бакытбек Карачев, Мырзабек Матеев, Гульмира Сулейманова, Акматбек Осмонов, Жаныл Кулумбаева, Алмаз Абрахманов, Айбек Асанов, Лолахан Абилова, Дуйшенбек Дооткулов, Жыпаргул Жаманкулова, Курманбек Абдылдаев, Спартак Иванов, Абдимиталип Сатыбалдиев, Назитра Тилекова, Оросбек Айдаров, Абди Кожомжаров, Шамырбек Тургунбаев, Марапат Куралова, Айгуль Ахмедова, Султан Бакасов, Мирслав Аманкулов, Маданбек Кашкынчиев, Мирлан Мусаев, Мамат Асанов, Сабырбек Байымбеков, Шукурали Мадаминов, Шайманбек Сартбаев, Рашитбек Бешкемпиров, Болотбек уулу Калыбек, Ольга Шестова, Таттыбу Жапаркулова, Бактыгул Момбекова, Алмагул Сманалиева, Жазгул Карбосова, Рыскул Жаныманова, Мустафа Жумаканов, Данияр Кайназаров, Автандил Молдосалиев, Рахман Омурзаков, Нарынбек Омуракунов, Бакыт Шоноев, Тологон Эсенкулов, Аида Курманалиева, Канатбек Тыналиев, Аскарбек Тыналиев, Аскарбек Джаныбеков, Джумадилде уулу Мурадил, Акылбек Жамангулов, Тыныбек Жукешов, Болотбек Ибраимжанов, Бактыгуль Каламбекова, Алмаз Усувалиев, Кадырбек кызы Нуркыз, Кумаш Кочкорбаев, Кайрылла Пазылов, Исланбек Сарсейитов, Сейдакмат кызы Назира, Жылдызбек Турганов, Эркинбек Чодуев, Данияр Шабданов, Орозмамат Нурматов бар.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин Төрагасынын энчилүү сааты менен Нурбек Исмаилов, Гульбара Ташиева жана Маматазим Жуманазаров сыйланды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү