Бүгүн ЖКда Абылгазиев чек арадагы абал боюнча маалымат берет

Автор -

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуя боюнча маалыматты угууну сунуштады.

«16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында күтүлбөгөн кырсык болуп кетти. Шейит кеткен аскер, жаракат алган жарандар болду. Премьер-министр, депутаттар Баткенге барышып, эл менен жолугушту. Ошолордун баарын эске алып, бүгүн саат 14:00дө премьер-министрди чакырып, маалымат уксак. Ал эми чек ара маселеси тууралуу токтомдордун аткарылышы боюнча маселени кийинки аптада карасак»
деди төрага.

Анын сунушун 96 эл өкүлү колдоду.

Бөлүшүү