Жээнбеков Россиянын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Константин Чуйченкону кабыл алды

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-мартта, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Константин Чуйченкону кабыл алды.

Константин Чуйченко баштаган РФ делегациясы Кыргызстанга кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык комиссиясынын 21–жыйынына катышуу үчүн келген.

«Кыргыз-Россия кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын жаңы сапаттуу деңгээлине чыкты. Акыркы жылдары Кыргызстан жана Россиянын ортосунда ишенимдүү мамилелер бийик деңгээлде орноду. Үстүбүздөгү жылдын март айына пландалган Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик визити буга далил боло алат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков, РФ делегациясы менен учурашып жатып.

Ал мындан аркы жемиштүү кызматташууга так пландар аныкталарына ишеним билдирди. Буга байланыштуу ал Өкмөттөр аралык комиссиянын жумушуна чоң үмүт артып, ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү каалады.

Россиянын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Константин Чуйченко Россиянын Президенти Владимир Путиндин жана Өкмөттүн төрагасы Дмитрий Медведевдин жылуу саламын айтты.

«Биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин ортосунда союздаштык гана эмес, бир туугандык да мамилелер орноду. Биз алдыдагы Россия Президентинин мамлекеттик визити реалдуу багытка ээ болуп, кызматташтыктын ийгилигин жана элдер ортосундагы бир туугандыктын бекемделишин аныктаган мазмундуу документтерге кол коюлушуна бардык аракеттерди жумшайбыз», — деп б елгиледи Константин Чуйченко.

Жолугушууда Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик визитине даярдык, эки тараптуу жана көп тараптуу, анын ичинде ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ, ШКУнун алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү