Ашхабадда чет өлкөлүк каттамдарга  билеттер жок болууда

Автор -

Түркмөнстанда авиабилеттердин тартыштыгы байкалууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, авиакассаларда жакынкы айлар үчүн чет өлкөлүк каттамдарга  билеттер жок.

Москва жана Минск шаарларына декабрга чейин билет сатылбай турганы айтылууда.

Мындай учурда түркмөнстандыктар эртерээк билет алуу үчүн башка жолдорду издешүүдө. Анын эң эле кеңири таралган түрү – ортомчулардын кызматын колдонуу же кассирлерди паралоо.

​“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы маалымдагандай, учурда билет үчүн паранын көлөмү 1500-2000 манатты (480 доллардан ашык) түзөт.

Түркмөнстанда билеттерди нак акчага гана кассадан сатып алууга мүмкүн. Онлан төлөм же банк карталары колдонулбайт.

Бөлүшүү