Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин атынан ага каршы козголгон кылмыш ишинин айланасындагы абал боюнча билдирүү жарыяланды.
Анда Зилалиаевге туугандары жана жакындары аркылуу болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканы белгиленген.
Мындан тышкары анда Зилалиевдин туугандары менен ага таптакыр тиешеси жок адамдар менен компаниялардын дагы эсептери камакка алынганы жазылган.
Ошондой эле анда Зилалиевдин былтыртан бери ооруп жаткан уулунун чет өлкөгө дарыланып келүүсүнө уруксат берилбей жатканы жазылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.