Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) анын үй-бүлөсүнө Латвияда козголгон кылмыш ишине байланыштуу тараткан маалыматы боюнча «Азаттыктын» суроосуна жооп берди.
— Менин жактоочуларым УКМКнын маалыматы боюнча Интерполго кайрылуу жөнөтөт. Жообу келгенде анын жыйынтыгын силерге ачык айтабыз. Латвияда балдардын эсебине билим алышы үчүн чоң суммада эмес, 5-6 миң же 14 миң доллардай каражат салынган. Мен Латвияга өзүм барган эмесмин, эсеп бул жактан ачылган, — деди Зилалиев.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо.
Зилалиев өзүнө тагылган айыпты четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.
Бүгүн, 7-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Латвиянын укук коргоо органдары Зилалиевдин аялына жана балдарына карата «акчанын изин жашыруу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогонун маалымдады.