Токмокто 74 жаштагы аял түтүнгө ууланып каза болду.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токмок шаарындагы Трясинин көчөсүндөгү эки кабаттуу турак үйдүн жана бастырманын жыгач устундуу шифер жабылган 400 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1945-жылы туулган М.Р., атуу аял киши түтүнгө ууланып каза болгон.
Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.