Бишкекте айдоочу унааны башкара албай тосмону сүзүп алды

Автор -

Бишкекте айдоочу унааны башкара албай тосмону сүзүп алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-март күнү саат 21:54 Чыӊгыз Айтматов көчөсүндө “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып, тосмону сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу 1964-жылы туулган А.К. аттуу эркек киши жабыркаган.

КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү