Жети-Өгүздө көлгө чөгүп кеткен жубайлар табылбай жатат

Автор -

Жети-Өгүз районунда көлгө чөгүп кеткен жубайлар табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-март күнү Кызыл-Суу айыл аймагынын Кирпичный айылынын   тургундары 1980-жылы туулган Ю.Г. аттуу эркек киши жана жубайы 1978-жылы туулган Н.Р. көлгө чөгүп кеткен.

«3-4 март күндөрү издөө иштери жүргүзүлдү, натыйжа болгон жок. Жалпы КР ӨКМден 31 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 5-март күнү да издөө иштери улантылат»,
деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү