Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-март күнү саат 20:58де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга айылында 3 баллга жана Барскоон, Тосор айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.