Ысык-Көлдө жер титиреди

Автор -

Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу  ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-март күнү саат 20:58де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга айылында 3 баллга жана Барскоон, Тосор айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү