17-мартка чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Кыргызгидромет борбору Кыргызстандын аймагында 17-мартка чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Бүгүн, 11-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында бир аз кар жаашы күтүлөт.

11-мартта күндүз жана 12-15-март күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Ал эми 16-17-мартта ала булут каптап турат, дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү