Бишкекте тергөө кызматынын тергөөчүлөрү пара алып жаткан жеринен кармалды

Автор -

Бишкекте Ленин райондук ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын кенже лейтенанты пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

 «7-мартта болжол менен 23:40 чамасында ИИМдин ички иликтөө кызматы жана МУККнын Тергөө кызматы менен биргеликте Ленин райондук ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын кенже лейтенанты М.О. жана ушул эле бөлүмдүн тергөөчүсү милициянын лейтенанты А.Б. кылмыш ишин токтотуу үчүн 300 доллар опуза талап кылуу учурунда кармалган»,
деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын бири МУКК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү