13-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Эртеӊ, 13-мартта түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу жерлерде жана тоолордо жолдорго муз тоңот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12,

Нарын аймагында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +14…+16 градус болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.​

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү