Ош шаарында жаӊы ишкана ачылды

Автор -
308

Бүгүн, 12-мартта Ош шаарында “Оазис-Агро” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан тоют бүртүкчөлөрүн чыгаруучу ишкананын ачылыш аземи болду.

Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, айыл-чарба тармагында эмгектенген адистер жана шаар тургундары катышты. Турдуев кичи жана орто бизнести колдоо аркылуу өндүрүштү жогорулатуу жана жумуш орундарын түзүү мэриянын негизги багыттарынын бири экендигин билдирди.

“ Инвестиция тартуу, кичи жана орто бизнести колдоо, аларга шарттарды түзүп берүү, инвестициялык климатты жакшыртуу биздин негизги милдет жана бул багытта тийиштүү жумуштар аткарылып жатат. Шаарга жаңы өнөр жай өндүрүшүн курууда, ишкердикти өнүктүрүү багытында колдоо көрсөтүп келе жаткан АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча Агенттигинин салымы өзгөчө болуп жаткандыгын белгилеп кетким келет. Буга чейин бул уюм тарабынан шаарыбызда мүмү жемиштерди кургатуучу цех ишке киргизилип, бүгүнкү күндө иштеп жатат”
деди биринчи вице-мэр.

Ишкана мал жандыктары үчүн күнүнө 30-40 тонна минералдык тоют бүртүкчөлөрүн чыгарат. Керектелүүчү азыктарды жергиликтүү калктан алышып, минерал кошулмаларын Россия жана Европадан алып келишет.

Ишкана заманбап жабдыктар менен камсыз болуп, 50 адамга жумуш орундары түзүлгөн.

Бөлүшүү