Бишкекте эки кабаттуу турак үй толугу менен күйүп кетти

Автор -

Бишкекте турак үй менен ашкананын 270 чарчы метр чатыры күйүп, ал жанаша турган үйгө өткөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт Свердлов районунун Сеченов көчөсүндөгү №45 үйдөн чыгып, ага кошуна турган №47 үйгө өткөн.

«Кырсыктын кесепетинен аянты 163 чарчы метр эки кабаттуу турак үй толугу менен жана ага жанаша салынган турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры, 200 чарчы метр таштанды күйгөн», — деп айтылат маалыматта.

Учурда өртүн чыгуу себептери такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү