Бишкекте 15-16-март кыргыз айым-режиссерлорунун III кинофоруму өтөт (Видео)

Автор -

Бишкек шаарында кыргыз айым-режиссерлорунун III кинофоруму март айында өтөт. Бул тууралуу “Азия чыгармачыл айымдар” фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, форум 15-16 мартта болуп өтөт. Анда  айымдар тарткан кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалар көрсөтүлөт.

«Кинофорум эки күнгө созулуп, биринчи күнү коомдук ишмерлер менен режиссерлордун жолугушуусу болот. Эртеси режиссер аялдардын тасмалары көрсөтүлүп, талкууланат. Кыргызстан Айым — Режиссерлорунун I кинофоруму 2016-жылы уюштурулган. Ал эми экинчиси 2017-жылы 22-23-декабрда болгон. Кинофорум Чыӊгыз Айтматов атындагы Кино Үйүндө болот. Кирүү акысыз »
деп айтылат маалыматта.

Бул жылы 12 тасма тандалып алынып, алардын ичинен «Эң мыкты» аталган тасманын авторуна «Азия Чыгармачыл Айымдарынын» коомдук фонду тарабынан техникалык колдоо көрсөтүүсү тууралуу сертификат берилет.

Белгилей кетсек, III Кинофорумга Россиядан режиссер-документалист Галина Евтушенко жана «Россия» кинофестивалынын директору Инна Демежко, Белорусиядан режиссер-документалист Галина Адамович келишет. Ошондой эле Казакстан Республикасынан катышуучулар келери күтүлүүдө.

Форумдун максаты — чыгармачылык менен алектенген аялдарга көмөктөшүү, алардын эмгегин коомго алып чыгуу. Ошондой эле ал аялдардын укугуна, гендердик маселелерге көңүл бурууну көздөйт.

Бөлүшүү