Сооронбай Жээнбеков Эфиопиянын президентине көңүл айтты

Автор -

Сооронбай Жээнбеков Аддис-Абеба–Найроби каттамындагы авиа кырсыктын кесепетинен көптөгөн адамдар курман болгондугуна байланыштуу Эфиопиянын Президенти Сахле-Ворк Зевдеге көңүл айтты.

«Аддис-Абеба–Найроби каттамындагы авиа кырсыктын кесепетинен көп сандагы адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун бир туугандарын жана жакындарын сабырдуулукка чакырам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», 

деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Белгилей кетсек, Эфиопиядагы авиакырсыктан 157 киши каза болгон. Курман болгондордун 149у – жүргүнчү, 8и – экипаж мүчөсү.

Эфиопиядагы авиакырсыктан 157 киши өлдү

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү