Президент бир катар мамлекеттердин элчилеринен грамоталарды алды

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-мартта Россия Федерациясынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченкодон, Кытай Эл Республикасынын Толук жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнден, Италия Республикасынын Толук жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Паскуале Д’Авинодон, Чех Республикасынын Толук жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рудолф Гиклден жана Бенин Республикасынын Толук жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Нукпо Клеман Кикиден Ишеним грамоталарды кабыл алды.

Мамлекет башчысы аларды Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, иштерине чоң ийгиликтерди каалады.

Ар бир Элчи менен баарлашуу учурунда Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарап экономикага, саясатка, туризмге, билим берүүгө, илим жана техникага байланыштуу бардык багыттар жана эки тараптуу кызыкчылык туудурган башка тармактар боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкка чоң маани берерин белгиледи.

[ads-quote-center cite=’деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.’]«Эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында мамилелерди бекемдөө жана ошондой эле элдерибиздин ортосундагы достукту тереңдетүү максатында бардык аракеттерди көрөсүздөр деп ишенем»[/ads-quote-center]

Өз кезегинде Россиянын, Кытайдын, Италиянын, Чехиянын жана Бениндин Элчилери кызматташуу жана алардын өлкөлөрүнүн элдерин Кыргызстандын эли менен жакындаштыруу боюнча алдыларына койгон пландарын жана милдеттерди белгилеп өтүштү. Элчилер соода-экономикалык, саясий, маданий-гуманитардык тармактарда өз ара пайдалуу мамилелерди ургаалдаштыруу жана өнүктүрүү үчүн бардык аракеттерди жумшай турганына Кыргыз Республикасынын Президентин ишендиришти.

Россиянын Элчиси Николай Удовиченко, Кытайдын Элчиси Ду Дэвэн менен Россиянын Президенти Владимир Путиндин жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга алдыда боло турган мамлекеттик визиттери боюнча маселелер талкууланды.