Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдары менен жолугушту

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдары менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөш, сот-укуктук реформага байланыштуу өлкөнүн бардык тармактарындагы реформаларды ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанда болуп жаткан жаңылануулар жана өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди. Ал бизнес кылуу үчүн шарттарды жакшыртуу жана жагымдуу инвестициялык жагдай түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

«Ардактуу консулдар Кыргызстанды чет өлкөлөрдө таанытууга өз салымын кошуп, көптөгөн иш-аракеттерди жасап жатышат», — деп белгиледи ал.

Президент өлкөнүн социалдык мекемелерине колдоо көрсөтүп, кайрымдуулук иштерди жасап жатышкан Германиядагы Ардактуу консулдар Элердингдин жана Крэммелдин ишин белгиледи. Япониядагы Ардактуу консулдар Мидзусако жана Накаджима Кыргызстанга саламаттыкты сактоо жана маданият тармагында жардам берүү боюнча активдүү иш алып барып жатышат. Россиядагы Ардактуу консулдар Владимир Трофимов, Алексей Чиналиев, Таалайбек Абдиев, Талантбек Намазбеков, Казакстандагы Ардактуу консул Талгат Айтбаев мекендештерге жардам берип, ар кандай д олбоорлор менен алектенип жатышат.

«Биз консулдарга алардын аткарып жаткан жумушу үчүн абдан ыраазыбыз. Ардактуу консулдар институту экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда, мигранттарга жардам берүүдө потенциалы чоң. Экономикалык байланыштарды күчөтүү, чет элдик инвестицияларды, компанияларды жана туристтерди тартуу абдан маанилүү», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу багыттары энергетика, транспорт, таза суу менен камсыз кылуу, ирригация, маалыматтык технологиялар, туризм, айыл чарба, продукцияларды экспорттоо экенин дагы бир жолу эске салып, Ардактуу консулдардын көңүлүн «экономикалык дипломатия» жаатында ишти активдештирүүгө бурду.

Жолугушууда бир катар Ардактуу консулдар сөз сүйлөп, бардык багыттар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып беришти.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдарынын 5-Кеңешмеси өтөөрүн, бирок, бул форматта өлкөнүн Президенти менен жолугушуу биринчи жолу өтүп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы мындай жолугушуулар салтка айланып каларына ишеним билдирди.

Бөлүшүү