Абылгазиев Улуу Британиянын Элчиси Робин Орд-Смит менен жолугушту

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев Улуу Британия Бириккен Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит менен анын Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Элчиге Кыргызстандагы ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирди жана эки жактуу кызматташууларды өнүктүрүүдөгү анын жеке ролун белгилеп өттү.

Белгиленгендей, кыргыз-британ алакаларын мындан ары карай бардык деңгээлдерде активдештирүү жана эки жактуу өз ара кызматташуунун ар кыл тармактарында конкреттүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу маанилүү болуп саналат.

Премьер-министр жана Улуу Британиянын Элчиси бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу жана инвестициялык чөйрөнүн ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча шарттарды жакшыртуу чараларын талкуулашты, бул эки тараптуу мамилелердин потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Элчи Робин Орд-Смитке мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү