18-мартта Шымкенттеги № 54 мектепте 38 окуучу белгисиз заттан ууланып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына Шымкент шаардык ден соолукту сактоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматтарга караганда, иске уулангандардын арасында бир мугалим менен бир техникалык кызматкер бар.
«[ads-quote-center cite=’деди ден соолукту сактоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Лаура Накымкызы.’]24 адам дарыгерлердин жардамынан кийин үйлөрүнө кайтты. 12 киши ооруканада жатат. Иске уулангандардын саны өсүшү мүмкүн»[/ads-quote-center]
Мектептен жүздөй мугалим жана техникалык кызматкер, ошондой эле 877 окуучу эвакуацияланган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Мектепте газ болгон эмес. Өзгөчө кырдаалдар департаментинин алдын ала маалыматы боюнча ис мектеп аймагына сырттан келиши мүмкүн.