Кыргызстанда биринчи жолу «Кыздар-апалар» аттуу конкурс өтүп жатат

Автор -
424

Ушул жылдын  10-мартынан 30-мартына чейин Кыргызстандын Баткен, Ош, Талас, Ысык-Көл областарынын 16 айылдарында «Кыздар-апалар» аттуу конкурстар жүрүүдө.  Бул тууралуу Кыргызстандагы ХелпЭйдж Интернэшнл уюмунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, конкурстун максаты  жаш кыздарды мажбурлап турмушка берүүнүн алдын алуу максатында апа менен кыздын ортосундагы мамилени жакшыртуу. Кыздар оюн түрүндө ала качууга дуушар болбоо үчүн өзүн кантип алып турууга, ал эми кызды ала качып кетсе, ал эмне кылуу керектигин үйрөнүшөт.

« 16 айылдын ар биринде 14-17 жаш курактагы кыздар жана алардын апалары катыша алышат. Сынакка чыгармычылыкты жакшы көргөн, таланттуу, өздөрүнө ишенген, коомчулукка жакшы өзгөрүүлөрдү киргизүүгө даяр болгон талапкерлер тандалышат. Конкурс бир нече турдан турат, алардын ичинде гендердик зомбулукка тиешелуу темасындагы тапшырмалар да болот, мисалы, «Кырдаалдан чыгуу» конкурсунда «Ала качуунун алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?», «Ала качкан учурда кыз эмне кылыш керек?», «Ала-качканда жигиттин үйүндө эмне кылуу керек?» аттуу темаларында чакан сценкалар аркылуу катышуучуларга туура жолдору көрсөтүлөт»
деп айтылат маалыматта.

Кырдаалдарды сахнадан көрсөтүүдө белгиленген бир учурда аракеттер токтотулуп, кыздар менен апаларга көрсөтүлгөн кырдаалдан чыгуу жолдорун сунуштоого мүмкүнчүлүк берилет. Кийинки конкурс көрүүчүлөр менен катышуучулардын жашы жетелек кыздарды никеге мажбурлоо жана ала качууга байланыштуу мыйзамдар жөнүндө билимдерин бышыктайт.

«Улуу муундар менен жаштардын ортосундагы байланышы жана баарлашуу эрте нике жана ала качуу менен күрөшүүдө негизги мааниге ээ. Ата-энелер кээде ушунчалык тиричилик иштер менен алек болуп кыздарынын кыялдары, каалоолору бар болушу жөнүндө унутуп калышат же ойлоп да коюшпайт. Кыздар апалары менен өздөрүнүн проблемалары жөнүндө ачык бөлүшүшпөйт, ала качууга дуушар болгон учурда эмне кылуу керек экендиги боюнча сүйлөшүшпөйт, жыйынтыгында өзүн кантип алып турууну билишпейт. Биз ишенебиз, «Кыздар-апалар» аттуу конкурстарыбыз мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алып ала качуу, эрте нике деген көйгөйлөрдөн сактап калууга көмөк көрсөтөт»
дейт Кыргызстандагы ХелпЭйдж Интернэшнл уюмунун жетекчисиНазгүл Асангожоева.
Бөлүшүү