Нооруз майрамында аба ырайы кандай болот?

Автор -

21-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз +12…+17,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз +12…+17,

Баткен облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз +13…+18,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз +13…+18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын  температурасы түнкүсүн  3…5°, күндүз +14…+16° болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү