Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-мартта, Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын президентинин кызматына киришкени менен куттуктады.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда.’]“Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелер биздин биргелешкен күч-аракеттерибиз менен элдерибиздин байгерчилиги жана өнүгүүсү үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Сиздин мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалайм”[/ads-quote-center]Белгилей кетсек, Казакстанды 30 жылдай башкарган тургуч президент Нурсултан Назарбаев кечээ, 19-марта өз эрки менен отставкага кетти.