Астананын атын Нурсултанга алмаштырууга каршы чыккандар кармалды (Видео)

Автор -

Астананын акимчилигинин алдына 21-мартта башкалаанын аталышын өзгөртүүгө каршы нааразылык акцияга чогулгандарды полиция кармап кетти. Ондон ашык киши автобустарга күчтөп отургузулуп, полиция департаментине жеткирилди.

Алардын бири Зауре Сагидолдина акимчилик жайгашкан аянтка келе жатканда полиция кармап кеткенин «Азаттыктын» казак кызматына билдирди.

Сагидолдинанын айтымында, полиция ага өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылына козголгон кылмыш иштерине байланыштуу күбө катары суракка алып келингени тууралуу түшүндүрмө берген. Бирок кайсы кылмыш иши экенин так айткан эмес.

20-мартта мажилистин сессиясында Казакстан элине ант берип, президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев Астанага тунгуч президент Нурсултан Назарбаевдин ысымын ыйгарууну сунуштаган. Токаев буга Астана Назарбаевдин эрдиги менен курулганын жүйө келтирди:

— Биздин улуу замандашыбыз — Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымын төмөнкү жолдор менен түбөлүккө калтыруу зарыл деп эсептейм: биздин баш калаабыз анын ысымын алып, Нурсултан деп аталышы керек. Мындан тышкары биздин мамлекеттин баш калаасында Казакстандын биринчи президентинин айкели тургузулат.

Ал тапта Интернетте шаардын аталышын референдум өткөрбөй эле өзгөртүү мыйзамсыз деген негизде эки петиция жарыяланып, анын биринде эки миңдей, экинчисинде 29 миңден ашуун кол топтолду.

Ушуну менен соңку 25 жыл ичинде Казакстандын ордо калаасын үчүнчү ирет өзгөртүү аракети көрүлүп жатат. Советтик доордогу Целиноград шаары Казакстан эгемендик алгандан кийин Акмоло деп аталып, 1998-жылы Астана деп өзгөртүлгөн. Казакстандын Конституциясына ылайык, башкалаанын аталышы жалпы элдик добуш берүү аркылуу өзгөртүлүүгө тийиш.

Казак башкалаасынын аталышы парламент кабыл алган мыйзамга президент кол койгондон кийин расмий өзгөрөт.

Астанага Назарбаевдин ысымын ыйгаруу демилгеси 2010-жылдан бери эле көтөрүлүп келе жаткан.

Бөлүшүү