Душанбеде бейтааныш аялды сабаган милиция кызматкери иштен алынды

Автор -
267

Душанбенин борборунда бейтааныш аялды сабаган милиция кызматкери Сафарбек Махмажсаидзода иштен алынды. 21-мартта интернетке анын аялга кол көтөрүп жатканы тартылган видео жарыяланып, коомчулук арасында кызуу талкууга алынган.

Тажик Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 21-мартта Махмадсаидзода менен 33 жаштагы Мадина Шамсова аттуу жаран айтыша кетип, андан соң милиция кызматкери аялды бир нече жолу уруп жиберген.

21-мартта ИИМдин басма сөз кызматы Сафарбек Махмадсаидзода күнөөсүн мойнуна алганын билдирген.

«Сурак маалында ал күнөөсүн мойнуна алып, аялдын ага асылганына чыдабай, жаакка чаап жибергенин айтты»
деген ИИМ өкүлү.

Тартип сакчы көчөдө бейтааныш аялды сабаганы тартылган видео социалдык түйүндөр аркылуу тараган. Окуяга күбө болгондор милиция кызматкерине кайрылып, аял оорукчан экенин айтышкан, бирок ал тыңдаган эмес. Бул видео тажик интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынган.

Бөлүшүү