Төрага көк бөрү оюнунун финалдык таймашына күбө болуп, жеңүүчүлөрүн куттуктады

Автор -

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү оюнунун финалдык таймашына күбө болуп, жеңүүчүлөрүн куттуктады.

Белгилей кетсек, ат спорту боюнча республикалык таймашка 22 команда катышкан. Баш байге үчүн болгон таймашта “Ынтымак командасы “Достук командасын жеңсе, үчүнчү орунду “Бакубат-Талас” командасы алды. Алсак, “Ынтымактын” көк бөрүчүлөрү үчүнчү жолу катары менен жеңишке жетишип келет.

Төрага Дастанбек Жумабеков таймаштын жеңүүчүлөрүн куттуктап, акчалай сыйлык тапшырды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү