Өлкө аймагында 29-мартка чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

ӨКМдин басма сөз кызматы 23нөн 27-мартта чейин Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.

23-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас,  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

24-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 25-мартта тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта жана 27-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 27-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

 28-29-мартта туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

 23-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

24-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

25-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-мартта 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

 23-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

24-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

25-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бөлүшүү