Кыргыз-тажик чек арасы: Эл Нооруз майрамын кантип майрамдашты? (Видео)

Автор -

Нооруз майрамы алдында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан тирешүү чыгып, 13-мартта ал жерде ок атылып, адамдар жабыр тартканы кабарланган.

Эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү чыр-чатакты жөнгө салыш үчүн төрт күндүк сүйлөшүү да өткөрүштү. Дал ошол чек арада жашаган элдин маанайы кандай? Жашоо өз нугуна түшүп, кастык басылдыбы? «Азаттык» радиосунун кыргыз, тажик кызматынын кабарчылары Жеңиш Айдаров, Медербек Ниязалиев жана Маъсум Мухаммадраджаб эки элди бөлүп турган чек арадагы айылдарды кыдырып келишти.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын чек ара боюнча сүйлөшүүсү 18-мартта аяктап, биргелешкен протоколго кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстан Баткендеги Тажикстандын анклавын айланып өткөн Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун улантат. Тажикстан кыргыз айылдарын кыйгап өткөн Исфара-Сомониён-Ворух багытындагы жаңы жолун сала баштайт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы 13-14-марттагы чыр-чатактарга байланыштуу жети факты боюнча иш ачылып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Тергөөнү Тажикстандын Башкы прокуратурасы менен Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан түзүлгөн бириккен топ жүргүзөт. Аларга ИИМ жана башка органдар көмөктөшөт.

20-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Баткендеги чек арадагы жагдай боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Анда чыр-чатакты болтурбоо үчүн калк арасында алдын ала жеткиликтүү иш жүргүзбөгөн күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алганы, бузуку иштерге жол бербөөнү тапшырганы кабарланды.

Жогорку Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуягабайланыштуу маселени бир сыйра талкуулап, өкмөт башчы келбегенине байланыштуу аны кийинки аптада карамай болду.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Анын 519 чакырымы аныкталган.

Негизинен Тажикстан менен Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондору чектешип, талаштуу жерлер да ушул аймакта арбын.

Бөлүшүү