Пригородное айылынын айрым көчөлөрүндө 3 күн жаратылыш газы жок болот

Автор -

Оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 26-29-мартта Пригородное айылынын Садовая, Новая, Мыскал көчөлөрүндө жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын Коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү билдирди.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү