Дарья Маслова Ташкентте өткөн эл аралык жарым марафондо алтын медаль утуп алды

Автор -

Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова Ташкентте өткөн эл аралык жарым марафондо алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыкты.

Мелдеш кечээ, 24-мартта Ташкентте болуп өтүп, ага 28 өлкөдөн келген 1 миң 600дөн ашык спортчу катышкан. Дарья Маслова 21,097 чакырым аралыкты 1:12:30 убакытта чуркап өтүп, биринчи келген.  Ага 12 млн сум берилди.

Ал эми эркектердин арасындагы мелдеште Кыргызстандык спортчу Адилет Кыштакбеков экинчи болуп келген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү