Дастанбек Жумабеков Бакай-Ата районундагы Карылар үйүнө барды

Автор -

Бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков башында турган депутаттар тобу Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык-стационардык мекемесине барышты.

Карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык-стационардык мекемеси 75 адамга ылайыкташкан. Бул жерде үй-бүлөсүн жоготкон, үйүндө тил табыша албай калган, майып жана башка ушул сыяктуу ар кандай себептер менен келген кары-картаӊдар жашайт. Мекеменин кызматкерлери бул жердегилерди колдон келишинче социалдаштырууга, кандайдыр бир кызыктуу нерселер менен алектендирүүгө аракет кылышат.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы мекемеге 100 миӊ сомдун сертификатын тапшырды. Ошону менен катар Дастанбек Жумабеков мындагы карыларга өзгөчө көӊүл буруу зарылдыгын баса белгиледи. Мындан сырткары, ал Карылар үйүнүн кызматкерлерине түйшүктүү иши, түшүнүү менен көӊүл буруусу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Төрага Дастанбек Жумабековдун Талас облусуна болгон жумушчу иш сапарын депутаттар Гүлкан Молдобекова, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев жана Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев коштоп жүрөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү