Аскаров: 8 энергетикалык компаниянын активдерин инвентаризациялоо процесси аяктады

Автор -

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу» конференциясына катышты.

Замирбей Аскаров саламдашуу сөзүндө белгилегендей, мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун арттыруу ар бир өкмөт үчүн актуалдуу маселе болуп саналат.

«Белгилей кетсем, акыркы жылдары республикада мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу иштерин пландуу түрдө жүргүзүлүп жатат. Мамлекеттик мүлктү тескөө процесстеринин айкындуулугун камсыздоо жана мамлекеттик менчик объекттери тууралуу маалыматтардын ачыктыгы маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Бүгүнкү күнү «Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри» ведомстволор аралык автоматташтырылган тутуму киргизилген. «Электрондук соода аянтчасы» маалыматтык порталы ачылып, иштеп жатат»
деди вице-премьер-министр.

Андан соң Замирбек Аскаров баса белгилегендей, бүгүнкү күнү Өкмөт мамлекеттик менчик түзүмүн оптималдаштыруу, мамлекеттик ишканалардын санын кыскартуу, корпоративдик башкарууну күчтөндүрүү жана мамлекеттик катышы бар акционердик коомдордун кадр саясатын кайра карап чыгуу багытын алды.

«8 энергетикалык компаниянын активдерин инвентаризациялоо процесси аяктады. Ишмердүүлүктүн натыйжалуулугунун KPI негизги көрсөткүчтөрү иштелип чыгып, киргизилди. Мындан тышкары мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин жоопкерчилигин жана сыйлоо тутумун иштин конкреттүү жыйынтыктарына байланыштуу кайра кароо башталды. Мен күчтүү жана натыйжалуу менеджмент мамлекеттик компанияларга экономиканын локомотиви болууга шарт түзөт деп ишенем»
деди вице-премьер-министр.

Сөзүнүн соңунда Замирбек Аскаров баса көрсөткөндөй, Өкмөттүн бүгүнкү күндөгү негизги милдети – корпоративдик башкарууну активдүү киргизүү, ал мамлекеттик мүлктү тескөөдө процесстердин айкындыгын жана мамлекеттик менчик объекттери тууралуу маалыматтардын ачыктыгын камсыздайт.

Бөлүшүү