Криминалдык чөйрөдө “Смотрящий” макамына ээ болгон жаран кармалды

Автор -
347

Ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын март айында ички иштер органдарына опузалап талап кылуу фактысы боюнча арыз келип түшкөн. 2016-жылы эки адам криминалдык авторитет катары өздөрүн тааныштырышып, физикалык күч колдонуу жолу менен коркутушуп, ишкерден 1 400 000 сом суммасындагы акча каражатын ээлеп алышкан.

Жайыл РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн (опузалап талап кылуу) негизинде сотко чеийнки иликтөөлөрүн баштаган. Кийинки иликтөөлөргө Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери киришкен. 2019-жылдын 23-март күнү сотко чейинки иликтөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун 1984-жылы туулган А.Д. аттуу жошоочусу шектүү катары кармалган.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча 1984-жылы туулган А.Д. аттуу жаран мурда баңгизатты сатуу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана УКТнын биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам катттоосунда туруп, криминалдык чөйрөдө “Смотрящий” макамына ээ.

Кармалган күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.

Бөлүшүү