Кыргызстандык режиссер Караш Жанышовдун тасмасы Германияда көрсөтүлөт

Автор -

Кинорежиссер Караш Жанышовдун «Кош бол» аттуу кыскаметраждуу тасмасы Германиядагы «Оберхаузен» кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу   “Айтыш фильмдин” басма сөз катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма режиссердун дипломдук иши. Анда ата-энеси ажырашкандан кийин балдар үйүнө түшүп калган баланын окуясы чагылдырылат. Башкы каарман балдар үйүндө жүрүп, Айнуру аттуу кызга ашык болуп калат. Ал өз сүйүүсүн таштан жасалган жүрөкчөсү менен билдиргиси келет. Бирок, бул жолдо ага тоскоол болчулар бар.

Белгилей кетсек, Караш Жанышовдун тасмасы «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» деп аталган эл аралык VIII фестивалында Гранприни утуп алган.

«Оберхаузен» кинофестивалы 1954-жылдан бери өткөрүлүп келет. Кыскаметраждуу тасмалардын жеӊүүчүсү Оскар сыйлыгына талапкер болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү