Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Автор -

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-март күнү саат 08:04дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Сузак районунун Саты, Таран-Базар айылдарында  3 баллга, Кара-Чолок, Калмак-Кырчын айылдарында 2,5 баллга, Сары-Булак айылында  2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү