Кыргызстандык спортчулар Малайзиядагы эл аралык мелдешке катышат

Автор -

Кыргызстандык жөө күлүктөр Малайзиядагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жөө күлүктөрдүн жарышы 30-31-март күндөрү Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында өтөт.

Ага Кыргызстандын атынан Гүлшанай Сатарова, Анна Буланова, Мусулман Жоламанов, Данияр Арыпбеков жана Алигаджи Магомедгаджиев катышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү