Кыргызстан Малайзияда өткөн таэквандо боюнча турнирде 15 медаль алды

Автор -

Кыргызстандын Эл аралык университетинин студенткасы Малайзияда өткөн таэквандо боюнча турнирде биринчи орунду жеңип алды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Таэквандо боюнча ачык чемпионат Малайзиянын Ипох шаарында 13-15-декабда болуп өткөн. Таймашка Кыргызстандан 12 спортчу барган.

63 килограмм салмактагылар арасындагы беттеште Кыргызстандын Эл аралык университетинин студенткасы Бегайым Конгантиева биринчи орунду ээледи.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандан барган спортчулар баш-аягы 15 медалга ээ болушкан.

Бөлүшүү