Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-март күнү саат 23:59да Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Баткен районунун Кыштут, Тескей, жана Жаңы-Коргон айылдарында 2 баллага чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.